1227 жарандарга көмөк көрсөтүү штабы күнүнө 20 миңге чукул чалууларды кабыл алууда. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу калкка көмөк көрсөтүү штабына күнүнө 9:00-18-00 гө чейин 20 миңге жакын чалуу болуп жатат. Бул тууралуу штабдын басма сөз кызматы билдирди. Учурда колл борбордо 7 киши кызмат өтөйт. Чалуулардын көптүгүнө байланыштуу, штатты кеңейтүү каралууда. Чалып кабарлаша албай жаткан жарандар үчүн атайын Ватсап 0 558 526 001 номер ишке киргизилди.

Бул номерге аты жөнү, жашаган дареги, телефон номери, социалдык абалы, үй-бүлөдө канча киши экен так көрсөтүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге штабдын кызматкерлери жогорудагы Ватсап номерге жазып жиберүүнү, чалбоону суранышат.