Лейлек районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоону колго алган ишкерлердин катары көбөйүүдө.

Акыркы күндөрү район аймагында жашаган, кайрымдуу инсандар, ишкерлер, муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык түлүк, жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды таратып, акчалай жардам көрсөтүүдө. Жардамдар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, калктын аярлуу катмарына жеткирилүүдө.
Кечээ 5-апрелге карата райондо жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 102,2 тонна ун ,6655 литр өсүмдүк майы, 2270 кг макарон жана башка негизги азык түлүктөр менен кошо 200 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен жана бир катар бей өкмөт уюмдар тарабынан ар тараптуу жардам берүүлөр уланууда.
Учурда райондо запаста 168 тонна ун бар.
КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы