5-апрелден 6-апрелге караган түнү өлкө аймагында коменданттык эрежелерин бузган 78 адам кармалды. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 66, Ош шаары боюнча – 2, Жалал-Абад шаары – 6, Сузак районунда – 2, Кара-Суу районунда – 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. ИИМ берген маалыматына таянсак 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1 944 адам кармалып, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.