Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана

билимин өркүндөтүү институттарынын директорлору, билим берүүнүн

райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Мугалимдердин

областтык координаторлору менен дистанттык билим берүүгө акыркы

даярдыктар боюнча онлайн конференция өткөрдү.

Каныбек Исаков аткарылып жаткан акыркы жумуштар боюнча

маалыматтарды айтып, министрлик тарабынан даярдалып жаткан

электрондук ресурстар боюнча кенен түшүндүрмө берди. Жетекчилерди

сунушталган бул каражаттар менен чектелбей, жоопкерчиликтүү мамиле

менен өз алдынча изденүү жана аракеттенүү керектигин белгиледи.

“Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы керек. Биз даярдап жаткан

видеосабактар 20 мүнөттөн болот жана темага байланыштуу билимдин

минимумдарын берет. Мугалимдер окуучулар менен байланышып, алардын

суроолоруна жооп берип, теманы бышыктап, тапшырмаларды бериши

керек. Эң башкысы окуучуларга жакшы мамиле жасалып, ийкемдүү

жадыбал түзүүңөр зарыл”,-деди министр.

Ал жетекчилерди мындай кырдаалда мугалимдерди ар тараптан колдоого

алуу керектигин белгилеп, электрондук билим берүү ресурстар боюнча

кеңири түшүндүрмө берди.

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова мектепке чейинки даярдоо

жана 1-11-класстар үчүн тартылып жаткан видеосабактар кандай

жадыбалда телеканалардан кетээри боюнча маалымат берди.

8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТР (1-4-класстын

окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер,

теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар,

мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б.

министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт.

Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы