Жогоку Кеӊештин депутаты Курманкул Зулушев октябрь айында өтө турган парламенттик шайлоого кошуп башкаруу формасын аныктаган президенттик же парламенттик моделди тандоо үчүн референдум өткөрүү демилгеси менен чыкты. Шамал кайтараптан согуп жатканы белгисиз, ошентсе да бул эл өкүлү президент Сооронбай Жээнбековду жалпы коомчулуктун алдында ынгайсыз абалга калтырды. Өлкөдөгү социалдык экономикалык абал, ага кошулуп дүйнө апааты келип, пандемия кырдаалында турганда мындай сунуш менен чыгуунун өзү логикага сыйбайт.

Буга чейинки эки жолку бийликтин алмашуусу дал ушул супер президенттик башкаруунун натыйжасы экенин эске алганда булл суроонун убакыт өткөрбөй коюулушунун маанисиз экенинин бир канча себептери бар. Алар төмөнкүчө. Парламент бүгүнкү күнү популистик органга айланып, өкмөт, айрым министрликтерге тиш салганы эле болбосо баардыгы президенттин кабак кашы менен теӊ айланып калды. Саясий позициясы жок, жеке турмуштары бизнеске байланган парламентарийлерден мындан ашыкты күтүп болбойт эле. Өкмөт болсо учурда токсон пайызы алмашып, ал деле жеке демилге менен чыкпай, айрым учурда чарбалык маселелерге президентти атайын аралаштырып жиберип жатышат.

Мындай учурда табыгый мыйзам жолу менен бийликке президент тике аралашканга мажбур болот жана орбитр катары башкаруу функциясын колго алат. Дал ушул себептерди тереӊ анализдебей туруп өзүн мыкты юристр-парламентарий эсептеген Курманкул Зулушевдин демилгеси суу кечпей жатканы ошондон. Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылкы президенттик шайлоо алдында, андан кийинки маалымат жыйындарында бир эмес бир канча жолу буга чейинки супер президенттик башкаруу натыйжа бербей, акыры төӊкөрүшкө түрткөндөрүн, өзү жеке өлкөдө парламенттик-президенттик башкаруу моделинин тарапташы экенин баса белгилеген.

Демек президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда булл демилгени колдошу күмөн. Албетте, депутат Курманкул Зулушевдин «Же супер президенттик же, супер парламенттик бололу»  деген сөзүнүн өзүгү деле туура. Бирок, он жыл мурун эле биз башкаруунун парламенттик президенттик жолун тандап алганыбыз, ал ортодо биз парламентаризмди жалаӊ партиялык фракциялардын чабалдыгы талкалап жатканын моюндабай жаткандайбыз.

Тескерисинче депутат Зулушев мырза азыркы шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, партия менен катар эле партиядан чыккан талапкерлерге добуш берүү, аймактарды шайлоочулардын санына жараша бөлүү демилгеси менен чыкса максатка ылайык болмок. Мына ушунда гана бийликке көз карандысыз депутаттар келип, саясий лидерлерди эл өзү тандамак, бийликке каршы турчу күчтөр пайда болуп, теӊ салмактуулук жаралат эле.

Дал ушундай шартта көз караштардын плюреализми пайда болуп, парламенттик башкаруу модели менен бүтүндөй бир сиситема калыпка түшөт эле. Бийлик теӊ салмактуулугу пайда болгондо гана мамлекет өнүгүү жолуна түшөөрү буга чейинки дүйнө мисалдары айигинелеген.


 Айдар Козуев