Коом

Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксаат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү

«Түндук» платформасында электрондук өткөрмө алуунун жаңы формасы ишке берилди. Бишкек шаардык коменданты Алмаз Орозалиевдин буйругуна ылайык, эми уруксаат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек, анда ким жана кандай максатта уруксаат алууну каалагандыгы көрсөтүлөт.

Уруксааат алган соң, төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:

— иштеген жеринен алынган маалымдама;

— жол баракчасы, анда кызматкерлердин тизими жана толук маалыматы көрсөтүлөт;

— QR-код.

Уруксаат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Аталган чечим Бишкек шаарындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктү үзгүлтүксүз ишке ашыруу жана азык-түлүк, медикаменттер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз мөөнөтүндө камсыздоо максатында кабыл алынган.

Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button