Түзүлгөн кырдаалга жана сатуу көлөмүнүн кескин азайып кеткендигине байланыштуу өлкөнүн нефтетрейдерлери азыртадан баштап кандайдыр бир чараларды кабыл алуусу абзел.

Бул тууралуу Tazabek сайтына Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшматов билдирген.  Анын айтуусу боюнча учурда ассоциация  өздүк штатын оптималдаштырып, кызматкерлерин өргүүгө жөнөтүүдө. Мындан сырткары, ал Нефтетрейдерлер ассоциациясы ири өлчөмдөгү салык төлөп келгендигин, сатуу иштеринин соолгундашы менен республиканын бюджетине салык жана акциз түрүндөгү ири суммалардын түшпөй калуусу күтүлөөрүн белгилеген.

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал эске алынуу менен нефтетрейдерлер үчүн салыктар кайра караштырылып жатабы деген суроого:  — «Жок, азырынча бул тууралуу сөз боло элек» — деди К. Эшматов.

Ошондой эле, штаттын кыскаруусуна байланыштуу компаниялар убактылуу түрдө айрым соода түйүндөрүн жабыштыбы? — деген суроого жооп берип жатып, К. Эшматов компаниялар май куюучу бекеттерди  жаппай  тургандыктарын, иштин өңүтү үчүн штатты кеңседе иш алып барышкан кызматкерлер менен башка кызматчыларды кыскартуунун эсебинен оптималдаштыра тургандыктарын белгилеп өттү.