Коом

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жарандардын персоналдык мүнөздөгү маалыматтары менен иштөөдө купуялуулукту сактоо зарылдыгын эске салат

Соңку учурларда коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын аты жөнүн ачыктоо керекпи же жокпу деген талаш жаралууда. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб азыркыга чейин бейтаптардын аты жөнүн атаган жок, алардын саны 216га (6-апрелге карата) жетти. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов төмөнкүлөрдү билдирет:


Ар бир адам расасына, улутуна, жынысына, кесибине карабастан, Өкмөт, мамлекеттик органдар жана медициналык кызматкерлер анын персоналдык маалыматы менен, анын фамилия, атын, диагнозун жана бейтап таржымалын кошо алганда, иштөөдө максималдуу этият мамиле жасап, купуялуулуктун сакталышына ишеним артышы керек.
Бир гана купуялуулук кодулоо жана ыдык көрсөтүүдөн коркууну төмөндөтүп, бейтап менен дарыгердин ортосундагы ишенимдүү мамилени чыңдайт.
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Статистикалык, социологиялык, тарыхый, медициналык жана башка илимий менен практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) колдонулуучу маалыматтарды тоголок кат маалымат таризинде келтирип, алардын ээсиздендирүүнү жүргүзөт. Мындайда жеке маалыматтарга белгиленген купуялуулук режими алып салынат. Ээсиздендирүү жеке маалыматтар субъектин идентификация мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) мамлекеттик органдарды, коомчулукту жана ММК өкүлдөрүн, коронавируска чалдыккан жарандарга карата купуялуулукту тыкыр сактоого чакырат.
Эгер бейтаптар өзүлөрүнүн оорусу тууралуу, анын белгилери тууралуу, анын залакалары тууралуу өз ыктыяры менен, эч ким тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлбөй коомчулукка айтып бергиси келсе, бул алардын жекече чечими. Ушундай учурда да бейтаптар, эң оболу, өз кыймыл-аракетинин мүмкүн болуучу залакалары тууралуу ойлонушу керек, анын натыйжасында бейтаптын өзүнө, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата кандайдыр бир ыдык көрсөтүлүп, кодулоолор болуп кетпеши керек.


Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата, Кыргызстанда коронавирустун 216 тастыкталган фактысы катталган. Алардын ичинен 9у-медициналык кызматкерлер,айыккандардын саны 43.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button