2020-жылы жазгы талаа жумуштары эрте башталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жер-жерлерде атайын штабдар түзүлгөн, алар райондук администрациялар менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле, министрликтин кызматкерлери жер-жерлерге бекитилип, чечилбей жаткан көйгөйлөрдү чечип, өз убагында жардам көрсөтүп жатышат.

“2020-жылдагы жалпы айдоо аянты 1 миллион 221 миң гектар же өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 миң гектарга көп болот деп болжолдоп жатабыз. Аны менен бирге 2020-жылы 745 миң гектар аянтта жазгы сезүү иштери жүргүзүлөт” – деп билдирди Жаныбек Керималиев.

“Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн пайыздык катыштарын айта кетейин. Дан эгиндери – 631,9 миң гектарды түздү. Бул жалпы түзүмдүн 51,8%ы. Картөшкөнүн аянты – 71 миң гектар же 5,8% түзөт, жашылча жемиштер – 53,6 миң гектар, же 4,3%, бакча өсүмдүктөрү – 11,3 миң гектар же 0,9%, техникалык өсүмдүктөр 65,3 миң гектар же 5,5%, көп жылдык чөптөр – 332,9 миң гектар же 29,4%” – деп кошумчалады министрдин орун басары.

Булак: KyrgyzToday.kg