Ош облусуна  Өкмөт материалдык резервдик фондунан 1300 т ун бөлүнүп берилген. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине, ооган жана Баткен согушунун катышуучуларына, саламаттыкты сактоо жана тартип сактоо кызматкерлерине, андан кийинки категорияда күнүмдүк жумуш менен алектенип уй бүлөөсүн баккан жарандарга атайын жергиликтүү бийликтин жана элдик дружинниктерден, социалдык коргоо кызматкерлеринен түзүлгөн комиссиянын чечими менен ачык айткан таратылууда.

6 -апрелге Ош облусу боюнча матрезевден 680 тонна ун акысыз таркатылып бүттү.  Анын ичинен өзгөчө абал киргизилген Кара-Суу жана Ноокат районунда 220 тонна жеткирилди.Эми дагы астыда 630 тонна ун таркатылат. 

Мындан сырткары, КР ЖК депутаттары, ишкерлер, меценаттар тарабынан 680 т ун жардам катары таратылып берилген.  Алдыда Өзбекстан мамлекетинен жардам катары келген ун да тийиштүү министрликтин макулдашуусу менен таратуу каралган.   Учурда Ош облусундагы жазгы талаачылык жана дан азыктарын  айдоо жумуштары толук кандуу жүргүзүлүп жатат.  Бул күзүндө жергиликтүү ун өндүрүүчү ишканаларда сырье жетишсиздиги болбосуна мүмкүнчүлүк берет.