Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) коронавирус жуктургандын эң башкы белгисин (симптомун) айтты. Аны ВОЗдун өкүлү Маргарет Харрис билдирди, деп, 6-апрелде РИА Новости маалымдады.

Харристин айтымында, калчылдоо (титирөө) жана  38 градустан жогору температура  – жаңы вирус жуктургандын эң башкы белгилери  болуп саналат. Ушундай абал ооругандардын дээрлик 90 процентинин башынан өтөт, деп айтты айым.

Мындан тышкаары, бейтаптар түн ортосунда ойгонуп алышып, айлана-тегеректе эмне болуп атканын билбей мээси деңгиреп турушат, деп кошумчалады ВОЗдун өкүлү.  

Булак: Abal.kg