Мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн, ар бирибиз үчүн бул күндөр чоң сыноо болуп жатат. Жарандык коом, мекенчил ишкерлер оор күндөрдө жардамга муктаж жарандарыбызга колдоо көрсөтүп, кол сунуп жатканы кубантат.

Ошондой мекенчил ишкер Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.

Элге күйгөн мекенчил сезимдери бар, намысы бийик уулдарына элибиздин батасын берип, алкап жатат, кабыл болсун.

Эскерте кетсек Исманали Жороев буга чейин да бир катар жакшы демилгелерге каржылык көрсөтүп келет.