Коом
Коронавируска каршы залалсыздандыруу аракеттери жүрүүдө
Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда.
Ноокат, Алай, Араван, Өзгөн, Чоң-Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун бир катар айыл аймактары залалсыздандырылды.
Жалпысынан 6-апрелге карата 180868 м2 жана 13000 п/м жер залалсыздандырылган. Иш-аракеттер дагы уланууда деп билдирет Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.