Урматтуу мекендештер!
Кадырман кыргыз эли!

Апрель элдик революциясынын болуп өткөнүнө бүгүн туура 10 жыл толду. 2010-жылдын 7-апрелинде мамлекетибиздин, элибиздин эртеңине, тагдырына кайдыгер карабаган азаматтарыбыз Бакиевдердин үй-бүлөлүк авторитардык режимине каршы көтөрүлүп чыккан. Мындан туура 10 жыл мурда Ала-Тоо аянтына акыйкаттык, адилеттик издеп чыккан карапайым элге карата ал кездеги бийликтин огу атылып, 90 бала окко учуп, дагы бир тобу түрдүү жаракаттарды алган. Окко учкандардын арасында он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кырчындай жаш жигиттер да, бир үй-бүлөнү баккан, болуп-толуп турган азаматтар да болгон. «Аталап» ыйлаган балдардын, «кулунум» деп сыздаган энелердин көз жашы көлдөй төгүлгөн күн. Андыктан бул күн элибиздин эсинен эч качан чыкпайт.
Апрель революциясынын максаттары канчалык деңгээлде ишке ашты жана ишке ашып жатканы албетте чоң сөзгө арзыйт. Буга тарых өз баасын кези келгенде берет. Биздин максат эми – сүйүктүү мекенибизде, мамлекетибизде эч качан башаламандыктын, ызы-чуунун, ар кандай мыйзамсыздыктын болуп кетишине жол бербөө болуп саналат. Өлкөбүздүн жаркын келечегин ынтымак, тартип жана күжүрмөн эмгек менен гана түзүүгө боло турганына көзүбүз жетти.

Кадырлуу замандаштар!

Бүгүнкү күндө да мамлекетибиз дүйнөнүн башка бардык мамлекеттериндей эле өтө оор сыноого туш болуп турат. COVID-19 илдети учурда дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүн өз кучагына камтып, адам баласынын саламаттыгына өтө чоң коркунуч жаратып турат. Адегенде бул илдет Кытайдын Ухань шаарынан чыкты деген маалыматка көп маани берген жок элек. Андан кийин ал өтө тездик менен Европа мамлекеттерин аралап отуруп, акыры биздин мамлекетке де келип жетти. Дүйнө жүзү боюнча бул ооруну жугузуп алгандардын саны 1 миллион 300 миң болсо, каза болгондор 74 миң болгону өтө кейиштүү көрүнүш болуп турат. Кубана турганы – айыккандардын саны 276 миң болду. Демек, бул ооруну жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Кыргыз эли башынан эле ар кандай кыйынчылыктарда, оош-кыйыш убактарда тагдырдын сыноосуна жөн гана сынып калбаган эл. Тескерисинче, мындай оор күндөрдө биримдиктин, ынтымактын жана тартиптин күчүн көрсөтө алган эл. Бул жолу да ошол күчүбүздү көрсөтүүгө кудуретибиз жетет. Баарыбыз өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын тартиптерин бекем сактап, бийликтин айтканын угуу менен гана коронавирус илдетин жакынкы күндөрү жеңип чыгабыз. Мындай оор күндөрдө бири-бирибизди эч качан кароосуз калтырып койбойбуз. «Тең жегенди теңирим сүйүптүр» деп айтып келгенбиз, демек жумушсуз үйдө отуруп калганда азык-түлүктөн кем-карчы бар үй-бүлөлөргө өкмөт да, колунда бар жарандар да кайрылышат. Мындан оор мезгилдерде да, ачарчылык каптаган кыйын кезеңдерде да элибиз бири-бирин ачка калтырган эмес. Дасторконунда бар азыгын тең бөлүшкөн.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Аты жаман илдет экинчи жагынан бүтүндөй адам баласына жашоонун маңызы – адамгерчиликте, кайрымдуулукта, баарлашууда, сүйүп жашоодо, үй-бүлө менен чогуу болууга да убакыт бөлүүдө, жан дүйнө баалуулуктарында, табият менен шайкеш жашоодо экенин үйрөтүп койду. Жалган дүйнөдө бири-бирибизди сыйлап, урматтап, жакшы сөз айтып, колдоп-коштоп жашаш керек экенин үйрөнүп жатабыз.
Бул кыйынчылык күндөр да өтөт. Ар кандай кыйынчылыктын артында чоң жакшылык күтүп тураары шексиз. Сабырдуу бололу! Тартипти бекем сактайлы! Жан дүйнөбүздү жаңылайлы! Бизди жаңылануу күтүп турат. Биримдикте гана баардык кыйынчылыктарды жеңебиз!

Урматым менен, Каныбек ТУМАНБАЕВ