Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ысык-Көл ОИИБинин ыкчам штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын COVID-19 боюнча экинчи жолу анализдери терс натыйжаларды көрсөткөн.

Обсервацияда жалпы 195 адам жаткан. Ал эми азыркы учурда 84 адам калды. Мындан тышкары, таажывирус илдети менен жабыркаган үч адам жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат.

Булак: Кыргызтудей сайты