Республика боюнча 2020-жылдын 1-мартына карата 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар, алардын ичинен 309 437 бала орточо өлчөмү 870 сомду түзгөн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алышат. 

Орточо өлчөмү 3009 сомду түзгөн ай сайын берилүүчү жөлөкпул алгандардын саны 93 546 адам. 

Муктаж жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо тууралуу маалымат:

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча «Жардам штабы» 49 245 муктаж адамга азык-түлүк түрүндө жардам берди.

Волонтерлор күн сайын «1227» түз байланышы, WhatsApp 0558 526001 номуру, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» мобилдик тиркемеси, Facebookтагы «Жардам штабы» социалдык баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык-түлүк ташууда.

Жогоруда аталган каналдар аркылуу жарандардан «Жардам штабына» 210 779 кайрылуу келип түшкөн. Белгилей кетүүчү нерсе, камсыздалган үй-бүлөлөр да жардам сураган учурлар катталган.

Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик орган өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн тизмелер тыкыр талданууда, себеби, гуманитардык жардам чындыгында көмөккө муктаж адамдарга жеткирилиши кажет.