Адахан Мадумаровдун коронавирус тууралуу “ачылыш” пикири коомчулукта катуу талкууланып жатат. Социалдык тармактардын колдонуучулары саясатчынын пикирине терс көз караштарын билдирип жатышат. Төмөндө фейсбук колдонуучу Азат Таиров деген «Адахан Мадумаров дүйнө мамлекеттерин акмак жана келесоо деп атап жатабы?» деген пикирин бөлүшөбүз:

Дүйнө мамлекеттеринде бүгүнкү күндө кандай жагдай түзүлүп турганын баарыбыз көрүп-билип турабыз. Коронавирус илдети дүйнөлүк апаатка айланып, ал ооруга чалдыккандардын саны миллиондон ашып, каза тапкандардын саны улам өсүүдө. Кыргызстанда да бул оору катталып, алардын саны улам көбөйүүдө. Андыктан кыргыз бийлиги, кыргыз өкмөтү калктын саламаттыгын сактоо максатында күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өлкөбүздүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Элибиздин башына түшкөн оорчулукту колунда бар жарандарыбыз тең бөлүшүп, миллиондогон сомдук жардамдарын берүүдө. Айрым ишкерлер айыл-айылдарды кыдырып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мүшөктөп ун, май таркатууда. Бул ооруну биз жапатырмак биримдик жана ынтымак менен гана жеңе аларыбыз да айтылууда.

Ушундай убакта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун адегенде дымы чыкпай отурду эле. Ошондон улам ага карата «Мадумаров элге кандай жардам көрсөтөт экен? Эмнеге ушундай убакта унчукпай отуруп алды?» деген суроолор пайда болгон. Бир адамга бир тыйындык да жардам көрсөткүсү келбеген, тескерисинче саясатты бизнеске айлантып, ар кимден акча алуу менен шугулданып калган Адахан Мадумаров бул жолу да «кызыл тилин» кайрап чыкты. Ал буга чейин Кыргызстандын элин келесоо катары айтып келсе, эми дүйнө мамлекеттерин жеткен акылсыздар катары сыпаттап жиберди.

Анын логикасы боюнча коронавирус оорусу жөн гана шылтоо экен. Ушунун арты менен көптөгөн мамлекеттер адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл алып жатыптыр. Анан дагы ушул оорунун арты менен дүйнөлүк уюмдар миллиондогон акчаны өздөрүнүн пайдасына кымырып калып жатышат дегендей кылат. Буга мисал катары ал Эл аралык валюта фондунун Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлгөнүн айтат. Ошондо мынча акча каражатын аталган уюм Кыргызстанга бөлүү менен кандайча өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп жатышкан болот? Жооп барбы, Мадумаров мырза.

Минтип жөнү жок акылдуусуна бергенден көрө, колунан финансылык жардам көрсөтүү келбесе да бул «сайраак» саясатчы элди ынтымакка, биримдикке жана тартипке чакырып, коркунучтуу илдетти бирге жеңүүгө чакырык жасап койсо болот беле? Же ал элдин кырылып калышын каалап жатабы? Эгерде кыргыз бийлиги бүгүнкүдөй чара көрбөй, эч кандай өзгөчө абал да киргизбей койсо, анда да сындап чыгат болчу. Айтор, Адахан Мадумаров кандай жагдай болсо да бийликти сындап гана отуруу керек деген позицияда экени билинди. Ал үчүн калктын саламаттыгы да эч нерсеге арзыбайт тура.