Бүгүн Нарын районундагы медициналык мекемелерге, санитардык-карантиндик постторго жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов тарабынан 700 миң сомдук гуманитардык колдоо көрсөтүлдү.

Тактап айтканда, райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 кир жууган машина, айылдардагы ФАПтарга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна 200 килограмм хлор, 330 литр антисептик, 12 миң беткап, 9 миң 300 даана медициналык колкап, 350 даана атайын коргонуучу кийим-кече жана 19 даана көз айнек берилди.

Мындан сырткары райондун аймагындагы санитардык-карантиндик посттор жана «Өмүр шамы» коомдук бирикмесинин каттоосунда турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыз кылынды.

Мындай колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматовго жалпы теңиртоолуктардын атынан терең ыраазылык билдиребиз.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы