Кыргыз Республикасынын аймактарында 2020-жылдын 7-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат.

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө 2020-жылдын 6-апрелине карата жардам катары 5452 кап ун, 230 кг макарон, 2774 л өсүмдүк майы, 2603 кг күрүч, 1483 кг кумшекер, 22 кг эт, 447 кг картошка берилди. Мындан тышкары Араб фондусу аркылуу 6080 азык-түлүк пакет таратылган. 

Жалпысынан 7269 үй-бүлөгө жардам берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 1 млн 168 миң 700 сомду түздү.

Медициналык каражат түрүндө 9100 даана бет кап, 440 л антисептик, 431 даана коргонуу кийимдери, 10650 даана кол кап берилди.

Ош шаары:

Ош шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 96,4 тонна ун, 3500 кг макарон, 4700 л өсүмдүк майы, 1500 кг күрүч, 1100 кг кумшекер, 138 кг эт, 5200 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 3 743 үй-бүлөгө жардам берилди.  Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 354 000 сомду түздү.  

Андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан аз камсыз болгон жарандарга, бюджеттик мекемелердин (врачтар, милиция ж.б.) кызматкерлерине ысык тамак-аш уюштурулуп берилүүдө.

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 0,8 тонна хлор, 15668 даана бет кап, 445 л антисептик, 104 даана коргонуучу кийимдер, 112 даана кол кап жана башка каражаттар берилди.

Ош облусу:

Аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө. 

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 3 т 170 кг ун, 9 т 573 кг макарон, 54 583 л өсүмдүк майы, 2 т 600 кг күрүч, 3 т 864 кг кумшекер, 435 300 кг эт, 129 400 сомдук азык-түлүк пакеттери берилди. 

Жалпысынан 33 144 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 149 400 сомду түздү.  

Гуманитардык жардам иретинде медициналык каражат түрүндө 9 т 377 кг хлор, 306 998 даана беткап, 464 л антисептик, 1 246 даана коргоо кийимдери, 37 308 даана кол кап берилди.

Чүй облусу:

Аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам катары 111,9 тонна ун, 6074 кг макарон, 2740 л өсүмдүк майы, 3108 кг күрүч, 3437 кг кумшекер, 2863 кг эт, 12885 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 4994 үй-бүлөгө жардам берилди.  

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 92500 сомду түздү.  Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7098 тонна хлор 31849 даана бет кап, 1087,5 л антисептик, 628 даана коргоо кийимдери, 16692 даана кол кап берилди.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 455.03 тонна ун, 6774 макарон, 22111 л өсүмдүк майы, 8286 кг күрүч, 1635 кг кумшекер, 369 кг эт, 3412 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 13536 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 110 миӊ 796 сомду түздү.  

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 10,695 тонна хлор, 184994 даана беткап, 3643 л антисептик, 1056 даана коргоо кийимдери, 127643 даана кол кап берилди.

Баткен облусу:

Баткен облусу боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 216,8 тонна ун, 3457 кг макарон, 13699 л өсүмдүк майы, 1407 кг күрүч, 2697 кг кумшекер, 1386 кг эт, 1700 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 3132 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 1 млн 226 миң сомду түздү.  

Медициналык каражат түрүндө 5,2 тонна хлор, 66266 даана бет кап, 1557 л антисептик, 564 даана коргоо костюмдары, 9965 даана кол кап гуманитардык жардам катары берилди.

Баткен шаарында «Ас-Сафа» Коомдук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 кап ун, 500 литр өсүмдүк май, 500 кг кум шекер берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 195,187 тонна ун, 3904 кг макарон, 8589 л өсүмдүк майы, 1144 кг күрүч, 2662,0 кг кумшекер, 491 кг эт, 1045 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 4720 үй-бүлөгө жардам берилди. 

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 42420 сомду түздү.  Гуманитардык жардамга медициналык каражат түрүндө 6,450 тонна хлор 1580,0 даана бет кап, 10,0 л антисептик, 65 даана коргоо костюмдары, 100 даана кол кап берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 167 тонна ун, 2873 кг макарон, 8284 л өсүмдүк майы, 731 кг күрүч, 2631 кг кумшекер, 535 кг эт берилди. 

Жалпысынан 2899 үй-бүлөгө жардам берилди. Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 1,3 тонна хлор, 88760 даана бет кап, 2088 л антисептик, 412 даана коргоо костюмдары, 10150 даана кол кап берилди.

БУУнун тамак-аш менен камсыз кылуу программасы тарабынан 21 тонна ун, 2100 л суу май жана башка демөөрчүлөр тарабынан дагы жардамдар көрсөтүлгөн. 

Ошондой эле, мамлекеттин материалдык резервинен Нарын облусуна 281 тонна ун бөлүнүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө жеткирилүүдө.  

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 68 тонна 850 кг ун, 1 тонна 500 кг макарон, 750 л өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг күрүч берилди. 

Жалпысынан 1988 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы   6 млн. 105 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг хлор 65180 даана бет кап, 1403 л антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3705 даана кол кап берилди.

Көрсөтүлгөн жардамдын ичинде мисалы катары: «Элим барсынбы?» коомдук уюму аз камсыз болгон жарандарга, Кызыл Жарым Ай коому аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана СПИД Борборуна, «Жаңы муун» коому онкологиялык оорулууларга жардам беришти.

Кыргыз Республикасынын 

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү