Турмуштук оор кырдаалга кабылгандарга ыктыярдуу түрдө берилген жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болду.

Азык-түлүк менен камсыздоого байланыштуу учурдагы кырдаалды талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондуна төмөнкүлөр сунушталды: 

— 400 тонна ун жана 33631 кг шекер, булардын ичинен 100 тонна унду мындан ары таратуу үчүн Бишкек шаардык мэриясына берүү, ал эми калган 300 тонна унду жана 33631 кг шекерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратына калктуу конуш макамы жок конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдү камсыз кылуу үчүн бөлүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратына:   

—  азык-түлүк топтомун түзүү үчүн депозиттик эсептен бөлүнгөн каражатка сатылып алынган тамак-ашка 2 литр өсүмдүк майын, 4 кг дан (күрүч, гречка ж.б.), 100 гр чай кошуу сунушу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондуна турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ун жана шекер бөлүүгө арыз берүү;

— 300 тонна унду 5 кишиден турган 1 үй-бүлөгө 25 кгдан, ал эми 5тен ашык адам жашаган үй-бүлөгө бөлүү;

— күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктү сактоо үчүн кампаларды даярдоо, ошондой эле азыктарды таңгактоочу жайларды, тамак-аш топтомун түзүү жана аларды муктаж үй-бүлөлөргө (адамдарга) жеткирүүнү уюштуруу.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына жана Бишкек шаарынын мэриясына абдан муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүү тапшырмасы берилди.

Жыйында жардам алуучулардын тизмеси такталып, Бишкек шаардык мэриянын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебиндеги каражаттан азык-түлүккө 792 500 (жети жүз токсон эки миң беш жүз) сом алуу боюнча арызы жактырылды.  

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондуна турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдү, анын ичинде калктуу конуш макамы жок жаңы конуштарда жашагандарды гуманитардык жардам менен камсыз кылуу үчүн Бишкек шаардык мэриясына 7500 кг шекерди бөлүү сунушу киргизилди.

Маалымдама:

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби:

Алуучу:  Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

ИНН: 01003199710041

БИК: 440001

Эсеп-кысап: 4402011103034541

Банк: КР Финансы министрлигинин Борбордук казынасы

Төлөм коду: 14511900

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү