Өлкөдөгү түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу билим берүү мекемелеринде окутуу онлайн жана аралыктан окутуу тартибинде жүргүзүлүп баштады. Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык режимде билим берүү үчүн кыска аралыкта өнөктөштөрдүн жардамы менен электрондук-интернет ресурстарды жасап чыкты.

210 мугалим видеосабактарды даярдашты. Эскерте кетсек, башталгыч класстардын окуучулары үчүн видеосабактар “Баластан” телеканалынан көрсөтүлөт. Ал эми 5-9-класстардын окуучулар “Илим-Билим” ЭлТР, “5 канал”, “Пирамида” жана “Санат” телеканалдарынан видеосабактарды көрө алышат.