Атантөөдөй аты бар бараандуу айрым массалык маалымат каражаттары акыркы республикадагы кырдаалдын шылтоосу менен Президент Сооронбай Жээнбековго сөйкөнө баштады. Албетте, сөз эркиндиги, ой пикир айтуу позициясынан алып караганда бул жерде анчейин деле трагедия жок, ошентсе да эби сыны жок эле сөйкөнө берүү, ириде ошол маалымат булактарына аброй алып келбеси бышык.

Кечээ жакында экс-депутаттардын бири социалдык түйүндөргө чыгып алып, «президент болгон бийликти алып койду» деди. Балким булл жерде чындык үлүшү арбындыр. Тилекке каршы дал ошол экс-депутат өзгөчө кырдаал учурунда, болбосо форс-мажордук кырдаалда мамлекеттин кол башчысы жана Коопсуздук Кеӊешинин төрагасы катары батыл чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ экенин, анан калса мындай кырдаалда бийлик институттарын координациялоочу жана бириктирүүчү фигура боло турганын ал билбесе карапайым калк билмек беле?

Биз бул маалымат сайтыбызда өткөндө жаздык. Парламент, өкмөт алсыз болуп же депутаттар жеке демилгелерин башка бийлик институттарына алдырып жиберген жерде табыгый түрдө президент алдыга чыгып, демилгени колго алат. Болбосо парламент дал ушундай кырдаалда тез-тез чогулуп, күн тартибиндеги маселелерди артка жылдырып, дал ушул учурга керектүү мыйзамдарды кабыл алуу менен өкмөттүн ишин тескесе, алардын алып барып жаткан иш-аракеттерине өз баасын берип турса, президент кайталап Коопсуздук Кеӊешинин жыйынын чакырбайт эле.

Ал эми бул Коопсуздук Кеӊешинин чукул чакырылышынын мыйзамдуу алкагынан алып караганда президент өлкөнүн кол башчысы, Коопсуздук Кеӊешинин төрагасы катары булл жыйынды кайсы убакта чакыруу, күн тартибине эмне маселе көтөрүп чыгары анын укугу экени мыйзам менен бекемделген. Айрым сынчылар «айылдагы шеринелештер да мындай чогулбайт» деп эч логикага сыйбаган салыштыруусу анын интеллектик көрөңгөсүнөн гана кабар берет.

Республикада өзгөчө кырдаал жарыяланып, бүт дүйнөнү апаат каптап, ал ортодо парламент шалтурук абалга келип калганда президент Коопсуздук Кеӊешин ар эки күндө бир чакырса да аздык кылат. Себеби, мындай учурда кырдаалды жөнгө салчу жана жалпы абалды координациялоочу мыйзамдуу институт бул — Коопсуздук Кеӊеши гана.

Ал эми расмий бийликтин маалымат саясатына келсек «Бакырчаак төөнүн бары жакшы» саясат бул жерде элди адашууга гана алып келет. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жана элди фейк же убактылуу сооротуу саясаты эч убакта үзүрүн бербегенин буга чейинки эки төӊкөрүштүн пиарчылары жакшы билет.

Алгач Акаевди, кийин Бакиевди айга-күнгө теӊеп, бүтүндөй мамлекеттик маалымат каражаттары бир кишинин образы үчүн иштеп калган учурда бийликтин тамыры бошой берерин жакынкы тарых көргөздү.

Мына ушул маселени тура түшүнгөн жана абалды тыкыр көзөмөлдөп жаткан азыркы бийликтин маалымат аналитиктери элди социалдык түйүндөр же мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу аӊ сезимди манипуляцилоо маанисиз экенин билип, элге тура жана так расмий маалымат берүү саясатын тандашты.

Дал ушул өӊүттөн алып караганда бардык бийлик бутактарынын расмий маалыматы гана чындык экени, ал эми фейктик маалыматтар эртеси эле калпка айланып жатканына дал өзүбүз күбөбүз.

Ошондуктан «бакырчаак төө» болоберүү да, сыӊар өтүктү карабай сынчыл болуу да мындай учурда билим деӊгээл менен жоопкерчиликти талап кылат.