Өзгөчө кырдаалдар шартында Москва районунун тургундары дан эгиндерин себүү иштерин толугу менен аякташты. Бул күндөрү талаага миңден ашык тракторлор чыккан. Бул тууралуу жергиликтүү интернет басылмага айыл аймагынын жетекчиси айтып берген.

Быйылкы жылы дан эгиндерин себүү үчүн дээрлик 18 миң гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын жазында дыйкандардын алдында 4,2 миң гектар жүгөрү, 795 гектар кант кызылчасын, 1,5 миң гектар картөшкө жана 5 миң гектар жашылча-жемиштерди себүү милдети турат.

Районду агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Асылбек Нурбековдун айтуусу боюнча жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн 850 миң тоннадан ашык дизелдик май талап кылынат. Дыйкан чарбалары солярка менен толук өлчөмдө камсыз болушкан.