Соңку сутка ичинде 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 8-апрелде өткөн брифингде Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

8-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42 адам болсо, алардын 13ү медициналык кызматкерлер.

Алар иштеген жерлер:

  • Бишкек шаарындагы – МСЭКБ – 1 киши;
  • Ош шаардык инфекциялык оорукана – 8 (төрт врач жана төрт медайым);
  • «Азия кардио» — 3 (бир врач жана эки медайым);

Буга чейин 19 медициналык кызматкердин вирус жуктуруп алгандагы маалымдалган. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата алардын саны 32 жетти.