8-апрелге караган түнү Ухань шаарынын жолдору ачылып, жарандарга автоунаалар менен шаардан чыгууга уруксат берилди.

Шаар тургундары 76 күн сырткы дүйнө менен байланышы жок болду. Буга чейин Ухань шаарында 28-марттан тарта темир жол каттамдары жанданганы, мындан сырткары аба каттамдарын да жандандыруу каралганы айтылууда. Эми шаар тургундары вирус жуктуруп албаса башка аймактарга чыгууга уруксат алса болот.

Маалыматка таянсак буга чейин коркунучтуу илдеттен улам, 23-январдан тарта Ухань шаарында кыймылдар чектелип, сырткы дүйнө менен болгон байланыш толук үзүлүп, транспорттун бардык түрү токтотулган болчу.