Борбор шаардын мэриясынын www.meria.kg сайтында  «Шаар тургундарына жардам»  аталышындагы атайын тиркеме ишке киришти.  Белгилей кетсек,  ар бир муктаж үй-бүлө жардам алуу боюнча аталган сайтка табыштама калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирген.

Шаар тургундары мэриянын www.meria.kg сайтына кирүү менен «помощь горожанам/шаардыктарга жардам» деген жазуусу бар кызыл төрт бурчтукту же шилтемени көрүшөт.

Шилтемени басуу менен төмөнкүдөй суроолордон турган анкетаны толтуруу зарыл:

  1. Аты-жөнү.
  2. Паспорту боюнча ИНН.
  3. Телефон номуру.
  4. Жашаган дареги.
  5. Адрес.
  6. Маалымат. Бул бөлүмдө жардам көрсөтүү боюнча табыштама калтыруунун себебин же башка маанилүү маалыматтарды көрсөтүү зарыл. Эгерде учурдагы абалын күбөлөндүрүүчү документтер болсо, аларды тиркеп коюу керек.

Мэриянын штабы Сиздердин табыштамаларды оперативдүү түрдө карап чыгып, жардам көрсөтүлүүчү шаар тургундарынын тизмесине кошот.

Белгилей кетсек, мэрия төмөнкү багыттар боюнча жардам көрсөтөт: социалдык коргоо боюнча райондук башкармалыктар жаатында, бир катар араб өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддорунун колдоосу жаатында, ошондой эле учурда борбор калаанын ишкерлери тарабынан азык-түлүк корзиналары уюштурулуп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Азык-түлүк жана биринчи зарылдыктагы башка товарларды ташып жеткирүү тизме боюнча жеткирилет.

Кошумча суроолор боюнча жазып же төмөнкү телефондорго чалуу керек:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Мэриянын волонтёрдук штабы: 0551 573989.