Апрель айында Жогорку Кеңештин Аппаратын күтүү боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары1 млн 881.5 миң сомгө өсүп, 37 млн 704.8 миң сомду түзмөкчү. Мындай маалыматтар Финансы министрлигинин 2020-жылдын апрель айына карата республикалык бюджетти кассалык пландоонун чектик суммасы көрсөтүлгөн документинде келтирилген.

Кошумчалай кетсек, Аппараттын март айындагы сарптоолору 35 млн 823.3 миң сомду түзгөн. Жалпы жолунан алганда Жогорку Кеңештин  апрель айындагы сарптоолору  50 млн 227.4 миң сомду түзүп, өсүү 2.3 млн сомго жетмекчи.

Белгилей кетсек, Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев  шейшемби күнкү видео-конференцияда өлкө катаал үнөмдөө режимине өткөндүгүн жарыялаган.