Коом

Бишкек коменданты дагы эки жума үйдө отуруп турууну суранды

Бишкек коменданты Алмазбек Орозалиев жарандардан дагы эки жума үйдө отуруп турууну суранды.

«Акыркы суткада өлкөдө вирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Буга чейин алгачкы вирус жуктургандар менен болгондордун инкубациялык мөөнөтү аяктады. Ошондуктан азыр биз максималдуу түрдө байланышты токтотуп турушубуз кажет» —  дейт комендант.

Ошондой эле А. Орозалиев бул өлкө үчүн биринчи татаал мезгил болгондуктан,  саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөлөрүнө моюн сунуп, жарандардан үйдө болууну өтүндү.

Эске салсак өлкөдө карантин мезгили 15-апрелге чейин деп киргизилген. Эгер абал турукташпай турган болсо, анда карантин мөөнөтү узартылуусу мүмкүн экени айтылууда.

Учурда вирус жуктургандардын саны 270 киши, ал эми каза болгондордун саны 4 .

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button