Ош шаары менен боордоштук алакадагы Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарына медициналык гуманитардык жардам келди.

Фошань шаары 30 миң даан беткап, 100 медициналык атайын форма жана дене табын өлчөөчү 100 даана инфракызыл термометрлерди жөнөткөн. Келген жардамдарды мэрия тиешелүү кызматтарга бөлүп берет.

Ош шаарынын мэриясы боордоштук алакадагы Сиань жана Шицзячжуан шаарларынын жетекчилери менен да сүйлөшүү иштерин жүргүзүүдө.