Бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери социалдык жактан маанилүү болгон 11 азыкка карата бааны жогорулаткандарга 82 эскертүү берди.

Ошондой эле ведомство Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 29 материалды өткөрүп берди, 3 субъектиге карата айып пул салынды.

Жаңы киргизилген айып пулдардын категориясы боюнча өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурда мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген азыктарга бааны жогорулаткан жеке тараптарга 10 миң сом, юридикалк тараптарга 28 миң сом айып салынат.

Төмөнкү азыктарга бааны кымбаттатууга болбойт.

1. Буудай уну (1 жана 2-сорт)

2. Нан

3. 2,5%-3,2% майлуулуктагы сүт

4. Күнкараманын өсүмдүк майы

5. Каймак май

6. Эт (уйдун, койдун эти)

7. Кум шекер

8. Күрүч

9. Макарон азыктары

10. Тооктун жумурткасы

11. Картошка.

Булак: Заман сайты