Кыргызстандагы мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн бүгүн, 8-апрелден тарта дистанттык окутуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн 5858 ыкчам байланыш номерин ишке киргизди.

Министрлик тарабынан даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге бериле баштады.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жана “МЕГА 24” тиркемесине жайгаштырылган. 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы