Коом

Бишкекте айрым бир товарлардын баалары жогорулашы ыктымал

Бишкекте айрым бир товарларга карата баалардын жогорулоосу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макулдашылган жана ал доллардын курсунун көтөрүлүшү, татаал логистика, ошондой эле чет элдик өндүрүүчүлөрдүн товарларын ташып жеткирүүчүлөр тарабынан баалардын жогорулатылышы менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде шаар мэри Азиз Суракматов билдирген.

Анын айтуусу боюнча эпидемиянын негативдүү кесепеттерин минималдаштыруу үчүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча шаардык штаб түзүлгөн. Баалардын жасалма түрдө өсүшүнө жол бербөө максатында күн сайын бааларга, ошондой эле социалдык маанилүү  тамак-аш запастарына  мониторинг жана анализ өткөрүлүүдө.

«Негизги товарларга карата бааларды жасалма түрдө жогорулатууга жол бербөө жөнүндө азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр жана дүңүнөн берүүчүлөр менен өз ара сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө. Бааларды спекуляциялоо фактысы катталган учурларга карата мэрия тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат» — дейт мэр өз сөзүндө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button