Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6.4 млн сом түштү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6 млн 466 миң 962 сом түшкөн. Бул тууралуу аталган ведомстволуктун башчысы Улукбек Кочкоров билдирет.

«Комиссия бул сумманын ичинен бардыгы болуп 11 миң 916 муктаж үй-бүлөнү тамак-аш азыктары менен камсыздоо үчүн акча каражатын бөлүү боюнча чечим кабыл алды.

Алардын 2 миң 500ү Бишкек шаарынын, ал эми 9 миң 416сы Чүй облусунун жашоочулары.

Булардын акыркылары калктуу конуш макамына ээ эмес жаңы конуштарда жашашат-дейт Улукбек Кочкоров.

Анын айтуусу боюнча акча каражаттары Бишкек мэриясына, ошондой эле Чүй облусунун ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына бөлүнмөкчү. Финансы каражаттарынын түшүүсүнө жараша башка облустарга дагы бөлүштүрүү маселелери караштырылат.