Кыргыз Өкмөтү жардам көрсөтүү тууралуу финансы институттары менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу пресс-конференцияда Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген.

Анын айтуусу боюнча сүйлөшүүлөр Ислам өнүктүрүү банкы менен 11 млн АКШ доллары, Азия өнүктүрүү банкы менен 100 млн АКШ доллары жана ЕРӨБ менен 100-150 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле К. Боронов ЭӨБдөн$120.9 млн, Дүйнөлүк Банктан $12 млн(50% – кредит, 50% – грант) өлчөмүндөгү акча каражаттары, ошондой эле GIZ немис өнүктүрүү банкынан € 550 миң өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгүн белгилеп өттү.