Ушул жүз аарчыны кечээ Лейлекке барганда издешке туура келди. Себеби фильмге маанилүү буюмдардын бири болду. Чынында жоголуп баратыптыр. Болду-болду Марзия апамда ( улуту өзбек) болот деп телефон чалсам: «Жаним билан, карап көрай Айнагүлхан» дедилер. Ага жетпей эле тагам таженеме буюра сүйлөдү:
— Ушуну да издетип отурасыңбы? Бакты эжеден чыгат, пухта аял ( камбыл) — деди. Чын эле Бакты эжеден чыкты. Сактап жүрүптүр.Тагамдын аялзатына келгенде кыраакы сынчылыгына таң калдым. Мындай жүз аарчыларды кыз-келиндер күйөө бала, күйөө жандар үчүн аспиеттеп, тилек-ниет менен токучу.  Кээ бир кыздар, өзү сээп жүргөн духилерден бир аз жүз аарчыга чачып коюп, анан жигиттерине узатчу. Кичинекей балдардын чапанынын көкүрөгүндөгү топчусуна да ушундай жүз аарчыны мурду-башын аарчыганга деп, четиндеги тор менен өткөрүп койчубуз. Келиндердин да колунда ар дайым жүз аарчы жүрөр эле. Кокус баласын жолдо, автобуста эмизип калчу болсо, ошол жүз аарчы менен акырын көкүрөгүн жаап коёр эле.
Эртеси Марзия апам чалыптыр: — Өзүмдө жок экен, лекин кызымда бар экен, таптым — деп. Ыраазы болдум.
—Марзия апа, бирөөсүн мага белекке алып коюңуз, буюрса аламын, — дедим. Ошону менен шаарга келе бердим. Ушунча болду Марзия апам ким экенин айтайын. Шарипова Марзия Сабыржанова. Лейлектин, кала берсе республикабыздын билим берүүсүнө эмгеги сиңген аялзаты. Районубуздун асылзаада айымдарынын бири. Марзия апа тууралуу сүйлөсөк да кеп узак.
Ылайым эл-журтубуз тынч болсун. Ар дайым арзуу-сагынычтар менен бири-бирибизге жолугуп туралы. Ал эми жүз аарчы баяны ар бир кыз-жигиттин ортосундагы жылуу мамиле. Чын ыклас.

Айнагүл Базарбаева, акын, журналист, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү