Бүгүн 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чаралары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаал биздин гана өлкөнүн эмес, башка негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын бардык тармактарына жана ишкердик активдүүлүккө терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. ЕРӨБдүн вице-президенти Алан Пиллу коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка тилектештигин билдирди.

Банк тарабынан жеке секторго, өзгөчө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетип каржылоо варианттары каралып жаткандыгын белгиледи.

Банк чакан жана орто бизнести кайра каржылоо үчүн банк секторуна өз милдеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын маалымдады.

Алан Пиллу инфраструктуралык тутумдарды жакшыртуу боюнча муниципалдык ишканаларга колдоо көрсөтүү улантыларына жана дүйнөлүк кризистик кырдаалга карабастан белгиленген бардык долбоорлор өз маалында жана кармалбастан ишке ашырыларына ишендирди.