Коом

Апрелдеги кыш: Кар алдында калган гүлдөгөн бактар-дарактар

Бүгүн 9-апрелде эртең менен Бишкек шаарында кар жаап жатат. Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, борбордо абанын күндүзгү температурасы +5 градус.

Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын карга кайгырбоого чакырды. Азыркы жааган кар көпкө кармалбашын айтты. Бул кыска мөөнөттүү түндүк циклону, суук бат өтүп күн кайрадан +22 градустан өйдө болоорун билдирди. Ошондой эле шаар тургундарына үйгө жылытуучу электр плиталарын сайып, жылуу оронуп үйдө болууну сунуштайт. «Түндүкэлектр» шаарды энергия менен камсыздап, керектүү чараларды көрөөрүн мэрия кошумчалады.

Эске салсак мындан эки күн мурда абанын температурасы +20, +22 градуска жетип, күн ысып калган.

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги брифингде Чүйдө жаз 10-15 күнгө эртке келип, жазгы айдап себүү иштери 94%га аяктап калганын маалымдаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button