9-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузган 91 жаран кармалып, аймактардагы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 10 автоунаа айып короого токтотулду деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. Текшерүү иштери коменданттык саат режими бар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

Аймактар боюнча кармалгандар:

— Бишкек шаары боюнча 61;

— Ош шаары боюнча 6;

— Жалал-Абад шаарында 3;

— Сузак районунда 21 адам бар.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө абалдын эрежелерин бузуп 3 шаар менен 3 райондо 2192 адам кармалган.