Торонто шаарындагы Фонддук биржада өткөн тооруктун жыйынтыгы боюнча канадалык Centerra GoldInc. (CG.TO) алтын казуучу компнаниясынын акцияларынын наркы 1.17%га өскөн.

Тоорук сессиясы аяктаганда бир акциянын наркы 6.16 (8.64 CAD, +0.10000038 CAD) АКШ доллары өлчөмүндө болгон. Ошентип, өткөн күнкү тооруктун жалпы көлөмү  962 889 акцияны түзгөн.

Күн ичинде Centerra компаниясынын акциялары 5.9 дан 6.32 АКШ долларына чейинки баада сатылган.

Кечээ күнкү тооруктун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Centerra Gold компаниясындагы 28% өлчөмүндөгү акцияларынын пакети 476 878 995 АКШ долларына чейин кымбаттаган.

Алтындын S&P/TSX глобалдуу индекси боюнча Торонто биржасындагы алтын казуучу ири компаниялардын индексинин өсүүсүнөн улам Centerra Gold компаниясынын акцияларынын баасы кымбаттаган. Айталы, кечээ S&P/TSX Global Gold Index 0.93%га же 187.93 АКШ долларына (263.55 канада доллары) чейин жеткен.

  • Centerra Gold Inc. – канадалык алтын казуучу компания. Кыргызстандагы (Кумтөр) жана Монголиядагы (Бороо) алтын кендерин иштетет. 2016-жылдын июлунда Канададагы ири алтын-күмүш кенин сатып алуу жөнүндө маалымат тараткан.
  • Centerra Gold компаниясынын эң ири акционери болуп «Кыргызалтын» ААКсы саналат (28.8%), өз кезегинде «Кыргызалтын» ААКсынын акцияларынын 100%ы Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна таандык.
  • 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 6.8%ын, ал эми өнөр жай өндүрүшү жана экспорт көлөмүнөн алганда ал  22.5% жана 39.7%ды түзөт.