Коом
Өлкөбүздө дагы 10 жаран таажывирус илдетин жуктуруп алды. Жалпы саны 280ге жетти
Бүгүн дагы 10 жаран таажывирус илдетине кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мадамин Каратаев кабарлады.
Жаңы учурлар:
-Бишкек шаарында – 1,
-Ош облусунда – 1,
-Ош шаарында – 3,
-Жалал-Абад облусунда – 5.
Алардын арасынан 3 аял жана 7 эркек, 2 адам эки адам медицина кызматкерлери.
Таажывирус менен ооругандардын жалпы саны 280ге жетти.