Бүгүн дагы 10 жаран таажывирус илдетине кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мадамин Каратаев кабарлады.
Жаңы учурлар:
-Бишкек шаарында – 1,
-Ош облусунда – 1,
-Ош шаарында – 3,
-Жалал-Абад облусунда – 5.
Алардын арасынан 3 аял жана 7 эркек, 2 адам эки адам медицина кызматкерлери.
Таажывирус менен ооругандардын жалпы саны 280ге жетти.