Кайрымдуулук же жардам кылуу үчүн мээримдүү жүрөк, мекенчилдик сезимдер жетиштүү экенин далилдеген адамдар арабызда арбын экени кубантат.

Бүгүнкү биздин каарман Ош шаарындагы «Изюм» кафесинин ээси, жеке ишкер, Ош шаардык кеңешинин депутаты Марс Исаев.

Марс Исаев өлкөгө өзгөчө абал киргиздилген баштап, 25-марттан бери Ош шаарындагы медицина жана милиция кызматкерлерине күнүнө 300 порция тамакты акысыз таратып жатат. Ишкердин мындай саамалыгын фейсбуктун блогер Joma.kg өзүнүн баракчасына бөлүшкөн.

Соопчулукту айтпай кылат дешет. Аны билебиз. Бирок, коомдогу жагдайга өз салымын кошуп, жакшы иштерди жасагандарды айтуу, жазуу керек. Жакшылык иштер башкаларга үлгү, сабак болот.

Ишкер Марс Исаев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарбашев менен.
Блогер Joma.kg.