Учурдагы COVID-19 вирусунун жайылуусунун алдын алуу максатында, Талас ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облустун аймагында облуска кирген жерлерде 2 санитардык-карантиндик пост жана ар бир райондордун чектешкен жерлеринде төртөө коюлган.

Ошондой эле ар бир айыл өкмөттөрүнүн ыктыярдуу кошуундары менен биргеликте жергиликтүү участкалык милиция кызматкерлеринен турган санитардык-карантиндик фильтрациялык посттор орнотулуп, иш алып барууда.

Биргелешкен топ жергиликтүү жашоочуларга жана автоунаа айдоочуларына түшүндүрүү иштери менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол унаа кырсыктарын болтурбоо максатында өз милдеттерин мыйзам чегинде аткарышууда.

Облус аймагына өзгөчө кырдаал киргенден баштап ушул күнгө чейинки аралыкта 6 жол унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен каза болгондор жок, 8 жаран денелеринен жаракаттарды алып ооруканага кайрылышкан.

Ошондой эле Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно бузган 63 жаранга бузуулар жөнүндөгү протокол түзүлсө, анын ичинен 11 айдоочу унаасын спирт ичимдигин ичип алып башкарып жүрүшкөндүктөрү үчүн кармалышкан.

Учурдагы ыкчам кырдаалга жараша Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери кызматтык автоунаалары менен жарандардын кайрылууларына көңүл буруп, жардам керек болсо ар дайым жардам берүүгө даяр.

Санитардык карантиндик постордо турган кызматкерлердин баардыгы өздүк гигиенаны жана жугуштуу ооруудан сактануу максатында керектүү медициналык каражаттар менен толук камсыздалышкан. Ошону менен эле бирге облустун элине зарыл керек болгон дары-дармек, тамак-аш жана жазгы талаа иштери үчүн керектелген шаймандарды жана товарларды ташыган автоунаалардын үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалууда.

ИИМдин ЖКККББы Басма сөз кызматы