Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде COVID-19 жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштады.

Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн:
1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;
2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.

Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:
— дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;
— орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;
— кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;
— нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин.

“Төлөмдөрдүн өлчөмү медкызматкердин категориясынан жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнөн көз каранды”, — деп белгиледи КР Саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалынын башчысы Мирлан Атакулов.