Баткен облусунун Баткен районунун Ширеч насостук станциясын агрегаттарын жаңылоого республикалык бюджеттен 4 млн сомго жакын  каражат ажыратылып,  тетиктер жаңыланууда.

 Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 3761000 сом болгон 3 даана насостук агрегат алынып келинип, 2 даанасы орнотулуп, 1 даана насостук агрегатын орнотуу иштери жүрүүдө.

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой жана Боз-Адыр айылдарына Кожешкен дарыясынан суу тартып берүүчү,  Ширеч насостук станциясы Өзбекстандын Шархабад айылында, анклавта жайгашкан.

Аталган аймактан кыргыз айылдарына суу тартып келүү үчүн, өзбек айылын 3кмге жакын  аралыкка аралап өткөн суу түтүктөрү тартылган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан республикасынын чектеш аймактары менен Баткен облусунун тыгыз кызматташуусу, чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашуусуна ылайык,  Өзбекстан аймагынан сугат суу алып өтүү тоскоолдуксуз ишке ашып жатат. 

Насостук станциянын тетиктеринин жаңыланышы менен  Суу-Башы айыл аймагына үзгүлтүксүз суу берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ширеч насостук станциясы  Суу-Башы айыл аймагынын 400 гектар жерин сугат суу менен камсыз кылат.

Мындан сырткары Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында 11 даана суу айдоочу бекеттер бар.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы