Жумгал РИИБдин өздүк курамы райондун аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуунун аракетин көрүшүүдө. Райондун аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу, өздүк гигиенаны сактоонун эрежелерин үйрөтүү, зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпоолорун эскертүү максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жарандардын күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү май ташыган автоунааларга өткөрмө кагаздары берилип, сатылып жаткан товарлардын баасын туруктуу кармап туруу максатында соода түйүндөрүнүн алдына бааларын жазып коюу сунушталып, азыркы учурда баалар илинүүдө. Андан сырткары, Жумгал районунун аймагында жайгашкан санитардык-карантиндик постто РИИБдин кызматкерлери, медицина, ветеринардык кызматкерлер, ӨКМ, санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери районго кирип чыккан автоунаалардын санын каттап, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы