Коом
«Акун» компаниясы Нарын облусуна жардам көрсөттү
Өлкөдөгү кырдаалга карата жарандарга жардам берүү уланууда. Бул ирет коронавируска каршы күрөштө өз өмүрүн, ден-соолугун тобокелге салып, калк кызматында болгон жарандарга «Акун» компаниясы жардам көрсөтүп, Нарын облусундагы медициналык кызматкерлерге, посто турган милиция кызматкерлерине ун жана башка азык-түлүк таратылды.
Өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу, жөнөкөй жарандардан бир гана жардам бул эшикке чыкпай саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн көрсөтмөлөргө баш ийүү сунушталат.
Учурда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 280.