Кыйын күндөрү кыйналган элге жардам берүү, кол сунуу үчүн мээримдүү жүрөк, мекенчил сезимдер жетиштүү экенин далилдеген адамдар арабызда көп экени кубантат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова Чүй районунун Кегети, Советское, Чапаево, Арпа-Тектир айылдарындагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамын таратты.

Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Назгуль Касымова баракчасына жазган. Анда фейсбук колдонуучу «Эжеке, Сизге ыраазычылык! Берген кудайга жагат деп, эч кимге жарыя кылбай эле, тургундардын жашоосун өз көзүңүз менен көруп, арыз-муңун угуп, кол сунганыңызга…
PS: Пиардын кереги жок дегенсиз, бирок, бул айтпай койчу иш эмес, жардам алган үй-бүлөлөр сизге ыраазычылык билдиришүүдө!» деп жазып калтырган.