Бүгүнкү күнгө карата бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) маалыматы боюнча дүйнө жүзүндөгү 1,5 млнго жакын адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 33 000 айыгышкан. Каза болгондору 83 538.

Дүйнөнүн коомчулук бул илдет менен январь айынан баштап күрөшүп жатат. Экономикасы өнүккөн, медицинасы алдыңкы орунда келе жаткан мамлекеттерде дагы коронавирус менен күрөшүүдө системалуу иш алып бара албай жатат.

Пандемия башталган Кытай өлкөсү оору жуктургандардын саны 82 867, анын ичинен 77,6 адам айыгып чыккан, өлгөндөрдүн саны – 3333 адам. 2020-жылдын март айынын башында Кытай бийлигинин билдирүүсү боюнча болжол менен кытай ооруканаларында иштешкен 3300 врач жана медициналык кызматкерлер коронавирус илдетин жуктуруп алышса, алардын 1688 өтө оор абалда экендиги айтылган.

Өнүккөн мамлекеттердин сап башында турган Германия вирус жуктургандардын арасында 5-орунда турат. Алгачкы вирус курмандыктары тууралуу маалымат 9-мартта белгилүү болгон. Германияда азыр вирустун басаңдаганын байкоого болот. Акыркы маалыматтарга таянсак баардык вирус жуктургандар 110483 киши, каза болгондор — 2183. Сакайгандар 36081 киши. Учурда ооруп жаткандар 72219 киши. Ал эми Германияда вирус жуктурган медиктердин саны 2300. Алардын катарында жогорку квалификациялуу атайын медициналык окуудан өткөн, карыялар үйүндө карыяларды карагандары да бар. Германияда күнүнө 50 миң киши ден тест алып жатат. Ошондуктан аларда вирустан каза болгондордун саны аз.

Италия вирус жуктургандардын арасында 3-орунда турат. Алгачкы вирус курмандыктары тууралуу маалымат 20-февралда белгилүү болгон. Акыркы маалыматтарга таянсак Баардык вирус жуктургандар 139 422 киши Каза болгондор — 17 669, сакайгандар 26 491 киши. Учурда ооруп жаткандар 140 миң киши. Италияда вирус жуктурган медиктердин саны жалпы ооругандардын 8,3% ти түзөт. Бирок акыркы маалыматтар боюнча Италияда айыккандардын саны бир суткада 2099 кишиге жетти, бул жүрөк жылыткан жаңылык. Ал эми Испанияда «учурда 19400 медициналык кызматкердин коронавирус илдетине чалдыкканы белгилүү. Биз азыр алардын абалы жана илдеттен айыккандардын саны боюнча автономдуу жамааттардан маалыматтарды жыйноону улантуудабыз. Бизге келип жеткен маалыматтарга ылайык болжол менен алардын 20%ы сакайып чыгышкан. Ошондой эле вирустан жабыркаган медициналык кызматкерлердин 10%ы ооруканага жаткырылса, көпчүлүк медициналык кызматкерлер дарыланууну үй шартында жүргүзүшүүдө» — деп билдирген Саламаттык сактоо министрлигинин алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун өкүлү Мария Хосе Съерра пресс-конференцияда. Pais гезити жарыялаган маалыматтарга ылайык бардыгы болуп он медициналык кызматкер – он бир врач, бир медайым жана санитарка каза болгон. Россияда бүгүн 10 000 адам оору жуктуруп, 698 адам айыгып, 76 адам каза болгон. Россиянын саламаттык сактоо министри М.Мурашко 28-мартта бир врач коронавирусту ооругандарды дарылоодон эмес, сырттан жуктуруп келгенин билдирген. Ал эми оору жайылып жаткан Өзбекстанда 555 адам вирус журтуруп, анын 11и медицина болгон. Учурда 30 адам айыккан, 15-мартка карата 3 адам каза болгон.

Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны:

Кытайда 3300

Казакстанда 120

Германияда 2300

Испания 19 400

Беларусия 38

Россияда 1

Өзбекстанда 11