Мурдагы 18 социалисттик республика: элинин жалпы саны — 292,8 млн. адам. Каза тапкандар — 158киши(0,00005%).

Батыштын өзгөчө жабыр тарткан 16 өлкөсү:  элинин  жалпы саны 859,4 млн. Адам. Каза тапкандар  — 54 422 киши (0,006%).

Бул туурасында 5-апрелде Eur Asia Daily маалымат агенттигине Гурген Григорян «Covid-19 не опаснее Супрун: советская система здравоохранения спасает жизни» деген материалында жарыялаган.

«Украин министрлерине караганда менде калькулятор бар, -деп баштаган материалын автор. –Андыктан өзүн-өзү изоляциялоо учурунан пайдаланып бир кызыктуу эсепти жасадым. Баамдаганымды силер менен бөлүшөм.

Эсиңерге  салып коеюн, СССРде  15 республика бар болчу. Көпчүлүк учурда 16- жана 17-  республикалар деп Болгария менен Монголияны аташчу. А Куба болсо ушул кезге чейин башкаларга караганда эң социалисттик өлкө бойдон калды.

Эми ушул өлкөлөрдө коронавирус Covid-19 эпидемиясынын 2020-жылдын 5-апрелининин таң эртеңине карата абалы төмөнкүчө:

  • Россия (эли 146,7 млн) — 4 731 жугузган; 43 каза болгон; 333 айыккан,
  • Украина (30 млн) — 1 225; 32; 25,
  • Эстония (1,3 млн) — 1 039; 13; 59,
  • Литва (2,8 млн) — 811; 11; 7,
  • Армения (2,9 млн) — 770; 7; 43,
  • Молдова (3,5 млн) — 752; 12; 29,
  • Казакстан (18,6 млн) — 551; 6; 36,
  • Болгария (7 млн) — 522; 18; 37,
  • Азербайджан (9,9 млн) — 521; 5; 32,
  • Латвия (1,9 млн) — 509; 1; 1,
  • Беларусь (9,4 млн) — 440; 5; 53,
  • Өзбекистан (34 млн) — 298; 1; 25,
  • Куба (11,3 млн) — 288; 2; 15,
  • Кыргызстан (6,5 млн) — 147; 1; 9,
  • Грузия (3,7 млн) — 170; 1; 36,
  • Монголия (3,3 млн) — 14; 0; 2.
  • Тажикистан менен Түркмөнистанда маалымат жок.
  • Элинин жалпы саны — 292,8 млн. Каза тапкандар — 158 (0,00005%).

Ушул эле учурда дал ушул күнгө карата коронавирустан  өзгөчө жабыр тарткан Батыштын 16 өлкөсүндө абал кандай: 

  • АКШ (эли 331,4 млн) — 312 237 жугузган; 8 502 каза тапкан; 14 997 айыккан,
  • Испания (46,9 млн) — 126 168; 11 947; 34 219,
  • Испания (46,9 млн) — 126 168; 11 947; 34 219,
  • Италия (60,2 млн) — 124 632; 15 362; 20 996,
  • Германия (83,1 млн) — 96 092; 1 444; 26 400,
  • Франция (68,8 млн) — 90 853; 7 574; 15 574,
  • Улуу Британия (66,6 млн) — 42 479; 4 320; 715,
  • Түркия (83,1 млн) — 23 934; 501; 786,
  • Швейцария (8,5 млн) — 20 505; 666; 6 415,
  • Бельгия (11,4 млн) — 18 431; 1 283; 3 247,
  • Нидерланддар (17,4 млн) — 16 729; 1 656; 262,
  • Канада (38 млн) — 14 022; 234; 2 770,
  • Австрия (8,9 млн) — 11 781; 186; 2 507,
  • Португалия (10,2 млн) — 10 524; 266; 75,
  • Израиль (9,1 млн) — 8 018; 46; 477,
  • Швеция (10,3 млн) — 6 443; 373; 205,
  • Норвегия (5,5 млн) — 5 550; 62; 32.
  • Элинин жалпы саны — 859,4 млн. Каза тапкандар — 54 422 (0,006%).

Ошол эле калькуляторду пайдаланып эсептеп чыктым: советтик саламаттык сактоо системасы бар азыркы жана мурдагы өлкөлөрдө  бул вирустан өлгөндөр  120 (жүз жыйырма!) эсеге аз! Тыянакты өзүңөр чыгаргыла.

Бир нерсени гана айтып коеюн деп атам. Америкадан атайын Украинага жиберилген медсестрабы, же санитаркабы, айтор Ульяна Супрун деген неме 5 жылда советтик медицинанын мурасын толук жок кылды. Ага ишенип берилген министрликти саламаттык сактоо эмес, саламаттыктыкка көр казуу министрлигине айлантты. Баарынан да ошол кылган зыянкечтиги үчүн кенедей да жаза албай,  кайра Facebookка “олтуруп алып”, ар кайсы жактан окуп алган  «идиотский кеңешин» берип жатканы, жаныңды гана күйгүзөт.

Мына ушундай, мен үчүн анча деле таң калычтуу эмес фактыны ачып чыкты дүйнөлүк пандемия. Ден соолукта бололу! Жашайлы!», деп аяктаган автор.

Эскерте кетсек, 5-апрелден бери аталган 34 мамлекетте тең цифралар өзгөрүүдө.

Булак: Abal.kg